Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС каскадына барып, курулуш иштери менен таанышты

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн Акылбек Жапаров жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды.

Мындан тышкары Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону, тактап айтканда электр станциясына баруучу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырды.

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан