Ысык-Көлдө улак ойноп жаткан 32 жаштагы жаран каза болду

Ысык-Көлдө 32 жаштагы жаран улак оюну маалында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кичи-Өрүктү айылынын 32 жаштагы тургуну айылдаштары менен улак ойноп жаткан маалда каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, маркумду ат туягы менен башка тепкен. Улакчы окуя болгон жерден мерт кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, маркумдун үй-бүлөсүнүн эч кимге доосу жок.

Каза болгон жарандын сөөгү бүгүн жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан