Бүгүн, 20-мартка карата коронавирус илдети 7 адамдан аныкталса, 29 бейтап сакайды. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 91 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 87 бейтап бар.
Илдет аныкталган 7 адамдын бешөө Бишкектин, экөө Чүй облусунун тургуну.
Өлкө боюнча жалпы 200 809 адамдан илдет аныкталса, 196 068 бейтап сакайган.