Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, каза болгон адам Чүй облусунун тургуну. Ал коронавируска каршы вакцина алган эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2979 кишини түздү.