Венгриядагы кыргыз элчилигинде Нооруз майрамы белгиленди

Венгриядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде Нооруз майрамына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чараны куттуктоо сөзү менен Кыргыздын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков ачты.

Иш-чарага Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн жана Мадяр-Туран фондунун өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 200дөн ашык адам катышкан иш-чара концерттик программа менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан