Бишкекте эртең Нооруз майрамына карата бир катар көчөлөргө чектөө киргизилет

Бишкекте Нооруз майрамына карата бир катар көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Милициядан кабарлашкандай, "Ала-Тоо" аянтында өтүүчү Нооруз майрамына карата иш-чарага байланыштуу борбордук аянттын айрым көчөлөрү 21-март эртең менен саат 05:00дөн тартып, түнкү 01:00гө чейин жабылат.

"Эртең Чүй кең көчөсү жана Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.

Унаа тыгынын алдын алуу максатында айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолду тандап алууну эскертебиз", - деп билдиришти милициядан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан