Эдил Байсалов: "Орусия-Украина кырдаалы боюнча бейтарап позициядабыз"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ала-Тоо 24" телеканалына маек берип жатып, Кыргыз өлкөсү Украина кырдаалында бейтарап позицияда экенин билдирди.

"Биз Бириккен улуттар уюмунун мүчөсүбүз. БУУнун уставы дагы бар. Ал жерде ар бир мамлекет ички саясатын өзү жектейт деген принциптери бар.

Орусия-Украина конфликтисинде бейтараптуу позициядабыз. Бизге эки өлкө тең жакын, достук мамиледебиз. Эки өлкөнүн ортосунда жаралган конфликтте ТИМ аркылуу тынчтыкка чакырып кайрылдык. Ошол эле учурда эки тараптын бириники туура, экинчисиники туура эмес деп айта албайбыз. Бейтарап позициядабыз", - деп билдирген Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан