Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат.
Ошондой эле Садыр Жапаровдун Нооруз майрамына карата иш-чараларга да катышуусу күтүлүүдө.