Эртең, 21-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында саат 10:00дө Нооруз майрамынын урматына театралдаштырылган оюн-зоок жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа өтөт. SUPER.KG порталы жүрүп жаткан даярдыктардан фото баян жасады.
Эртең саат 15:00дө майрамдык иш-чаралар борбор калаанын үч сейил багында башталат:
1) Ынтымак-1 сейил багында ар кандай мастер-класстар, чыгармачыл жамааттардын концерти өтөт;
2) Ынтымак-2 сейил багында бишкектиктерди улуттук тамак-аштын, суусундуктардын, кийимдердин жана көркөм кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү тосуп алат;
3) Ден соолук сейил багында ар кандай спорттук иш-чаралар өтөт.