Мухтар Ауэзов менен Түгөлбай Сыдыкбековдун мааракесине карата илимий конференция өттү

Кыргыз улуттук илимдер академиясында «Улуттун улуу уулдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын эксперти Нурдин Усеев SUPER.KG порталына кабарлады.

"Конференция кыргыз-казак элдеринин улуу жазуучулары Мухтар Ауэзовдун 125, Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракелерине карата Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун колдоосу менен Эл аралык Түрк академиясы тарабынан өткөрүлдү. Ага академиянын президенти Мурат Жуматаев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали жана эки элдин белгилүү окумуштуулары менен коомдук жана маданий ишмерлери катышты.

Иш-чарада «Мухтар Ауэзов жана Манас» аттуу эмгектин бет ачары өткөрүлдү. Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралиге тарых, түркология жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз улуттук илимдер академиясынын «Ардактуу академиги» наамы ыйгарылды", - деди Усеев.

Мындан сырткары кыргыз-казак элдеринин Мамбет Койгелдиев, Абдылдажан Акматалиев, Кенжехан Матыжанов жана Кадыраалы Конкобаев сыяктуу профессор, көрүнүктүү окумуштуулары илимий баяндамаларын жасашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан