Баткенде Ноорузга карата 1 тонна сүмөлөк жасала баштады

Баткенде Нооруз майрамына карата 1 тонна сүмөлөк бышырылып жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн даярдык кызуу жүрүүдө. Борбордук стадиондо боз үйлөр тигилип, ыр-күүлөр жаңырууда.
"Нооруз майрамын өткөрүү үчүн 15-марттан баштап борбордон жана аймактардан эл артисттери, манасчылар, дастанчылар жана башка маданият өкүлдөрү келишти", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан