Бишкекке Сауд Араб падышалыгынын тышкы иштер министри расмий сапары менен келет. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-21-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу Сауд Араб падышалыгынын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келет.
"Кыргыз өлкөсү менен Сауд Араб падышалыгынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык мааракесинде боло турган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасалат. Кыргыз-Сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат", - деп жазылат маалыматта.