Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова сүмөлөк даярдоого катышты (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров Нооруз майрамынын алдында сүмөлөк даярдоого катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы кадырлуу аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Катышуучулар манасчылардын, төкмө-акындардын, комузчулардын жана аккордеончулардын коштоосунда чакан концерттик программага күбө болушту.

Салтка ылайык, Садыр Жапаров сүмөлөк бышырылып жаткан казанды аралаштырып, кыргыздын байыркы ишеними боюнча аруу тилектерин айтып, алардын орундалышын каалады.

Өз кезегинде аксакалдар мамлекет башчысына бата беришип, Кыргыз өлкөсүнө гүлдөп-өнүгүү жана тынчтык каалашты.

Белгилеп өтсөк, президент Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан