Эдил Байсалов Оштогу Нооруз майрамында сүмөлөк кайнатууга катышты

Ош шаарында Нооруз майрамы 20-мартта белгиленди. Иш-чара Ош шаарынын "Мээрим" сейил багында орун алды.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, вице-мэрлер, мэриянын кызматкерлери, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, активисттер жана жаштар катышты.

Алар майрамдык сүмөлөк даярдоого катышып, Нооруз майрамына карата каалоо-тилектерин айтышты. Салтанат концерттик программа менен коштолду. Бул иш-чаралар Ош Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан