Президент: "Нооруз майрамында алдыга койгон асыл максаттарыбыздын жүзөгө ашуусун тилек кылалы"

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоосун президенттин администрациясынан жарыялашты.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Жаратылыштагы жаңылануунун, жакшы тилек-пейилдердин майрамы – Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз – жаңы күн, жандануунун башаты!

Бул майрам - миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең майрам. Табият уйкудан ойгонгон бул күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот. Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү жаздын, жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Бири-бирине чын пейили менен куттук айтып, аруу тилектерин тилеген.

Биз дагы ата-бабаларыбыздын жолун улап, күн менен түн теңелип, көктөм башаты саналган бул майрамда бири-бирибизге жакшы сөздөрдү аябай, жаркын маанай тартуулайлы.

Нооруздун келиши менен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарыбыздын, конкреттүү иш-пландарынын жүзөгө ашуусун тилек кылалы. Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадамдарды жасап баштадык. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алпарууну колго алды. Ынтымагыбыз артып, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн ар бирибиз адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу деген ниетибизден жанбайлы.

Сиздерди дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Улустун улуу күнүнөн тарта жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын! Жылыбыз ырыс-ынтымактын, береке-куттун, молчулуктун, ийгиликтердин жылы болсун! Баарыңыздарга бардар турмуш, бакубат жашоо каалайм!", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан