Бүгүн, 21-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата иш-чара башталды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышууда. Майрамдык салтанат Манас айтуу менен башталды.