Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Ноорузга карата иш-чара өтүп жатат. Анда конокторго сүмөлөк таратылып берилди.
Учурда иш-чара концерт менен коштолуп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышууда.