Польша Евробиримдиктин санкцияларына нааразы

"Евробиримдик Варшавага каршы санкцияларды сактоо менен Украинадагы кризистин шартында Польшага материалдык жардам көрсөтпөй жатат". Мындай билдирүүсүн Польшанын вице-премьер-министр Петр Глиньский The Daily Telegraph гезитине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Польша украиналык качкындарга жардам бергени менен өлкө бийлигин демократиялык укуктарды бузуп жатат деп айыптаган Брюсселдин санкцияларына дагы деле кабылууда.
"Евробиримдик реалдуу материалдык колдоо көрсөтпөйт. Сүйлөшүүлөр бар. Убадалар берилет. Бирок биз өзүбүздүн акчабызды коротуп жатабыз. Элибизди уюштуруп, ушундай кырдаалда колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Башка жагынан алганда, Польшага каршы саясий жүйөлүү санкциялар колдонула берет", - деп нааразачылыгын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан