Акылбек Жапаров: "Кумтөргө" мурда президенттер "крыша" болуп келген. Азыр баары өзгөрдү"

Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата иш-чара өттү. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Өткөн жылы "Кумтөр" боюнча чоң кадамдарга бардык. "Кумтөргө" мурда президенттер "крыша" болуп келген. Азыр баары өзгөрдү. Биз коркпой тобокелдикке барып, биринчи кадамды баштаганда "Центерра" элди талаага таштап, өлкөдөн чыгып кетти. "Кумтөрдү" биз иштетип кеттик. "Кумтөр" боюнча бир нече жолу мүмкүнчүлүк болгон, бирок бардыгын колдон чыгардык. Азыр тарыхый учур болуп жатат. Алтындын запастарына өзүбүздүн элибиз ээлик кылат", - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан