Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
"Нооруз - биздин байыркы баалуулуктарыбыздын бири. Бул майрам элибизди берекеге толтуруп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бир туугандыкты жана достукту чыңдасын. Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн, жалпы руханий мураска, өз ара колдоо көрсөтүүгө негизделген гармониялуу мамилелерди жогору баалап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн динамикалык өнүгүүсү элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдала берерине ишенем", - деп белгиленет Назарбаевдин куттуктоосунда.
Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана биримдик каалады.