Украиналык дарыгер туткунга түшкөн, жарадар болгон орус жоокерлерин бычканга уруксат бергенин белгиледи. Бул тууралуу ал Украина 24 телеканалынын түз эфиринде айтканын чет элдик басылмалар жарыялашты.
Андагы маалыматтарга караганда, "Мобилдик госпиталь" долбоорунун жетекчиси Геннадий Друзенко госпиталдын дарыгерлерине Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн туткунга түшкөн жоокерлерин бычканга тапшырма бергенин айтат.
"Мага ишенип койгула, эми орустар ушул жерде өлөт. Көп санда өлөт. Мен дарыгерлерге катаал көрсөтмө бердим", - деген ал.
Азырынча бул боюнча Орусия тарап да, Украина тарап да эч кандай билдирүү жасай элек.