"Биз реформалардан коркпойбуз". Акылбек Жапаровдун Нооруз майрамы менен куттуктады (толугу менен)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" борбордук аянтында өткөн Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жалпыңыздарды учурда Баткен жергесинде жумуш сапары менен жүргөн президенттин, министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын.

Нооруз майрамынын көп кылымдык тарыхы бар жана бул майрамдын урааны – бейпилдик, токчулук, биримдик жана ынтымак. Бул майрамда улуттук чектер жок. Нооруздун өзгөчөлүгү – ааламга тынчтык жана жаратмандыкты тартуулап, кылымдап келе жаткан салтты жана маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат.

Бүгүнкү күндө өлкө алдында маанилүү милдеттер турат, аны ынтымак жана биримдик аркылуу гана ишке ашыра алабыз. Дүйнөдөгү абалды эске алуу менен министрлер кабинети тарабынан учурдун экономикалык чакырыктарын жумшартууга багытталган Антикризистик чаралар иштелип чыкты.

Салык жана бажы кызматы тарабынан чоң иштер аткарылды. Быйыл 2 айдын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 миллиард сомго ашык каражат чогултулду.

Айыл-чарбасын колдоо максатында дыйкандарды жер салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды, ал эми 8 млн сомго чейин киреше тапкандар салыктан таптакыр бошотулду.

Быйыл өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө 26 миллиард сом бөлүндү, ал эми фермерлер үчүн жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставка болгону 6 пайызды түзөт.

Кластердик негизде иштеген ишканаларга – 9 миллиард сом, үрөн сатып алууга – 1,5 миллиард сом жана ирригацияны өнүктүрүүгө жана сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүгө 1,1 миллиард сом бөлүнгөн.

Биргелешип аракет кылуу менен гана элдин жыргалчылыгына, өлкөнүн экономикалык гүлдөп-өнүгүшүнө жетише алабыз.

Дүйнөлүк климаттык фонддун демилгесин колдоп, “Жашыл мурас” өнөктүгүн баштадык, анын алкагында бир нече миллиондогон бак-дарактарды отургузуу пландаштырылууда. Келечек урпактарга килемдей жашыл жергебиздин, арча жыттанган тоо-токойлорубуздун чыпчыргасын коротпой – жашылдан мурас калтырып кетүүбүз парз.

Өткөн жылдын эң маанилүү окуясы "Кумтөр" кенинин кыргыз элине кайтарылышы болду.

Тышкы жардамсыз эле кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларыбызга көпчүлүгү күмөн санашкан. Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Тышкы башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону 48 миллион доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыктык. Мындан ары карай "Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргыз мамлекетинде сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул – элдин жеңиши. "Кумтөр" – Кыргыз Республикасына таандык. Бул тарыхый учур.

Учурда министрлер кабинетинин алдында гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга, жашыл экономиканы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган маанилүү милдеттер турат.

Биз реформалардан коркпойбуз, кайда бара жатканыбызды, эмне максаттарды алдыга койгонубузду билебиз. Азыркы биздин аракетибиз консолидацияланган бюджетти быйыл – 400 миллиард сомго, келерки жылы 500 миллиард сомго жеткирүүгө багытталган. Биз бардык күч-аракетибизди карыздарыбызды төлөп, кыргыз элинин бакубат жашоосун камсыз кылууга жумшайбыз. Бизге бир гана нерсе керек – биримдик жана эмгек", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан