Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 жүргүнчү учагы кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы Кытайдын түштүгүндө кулаган.
Алдын ала маалыматы боюнча, учакта 133 адам болгон. Азырынча жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.