Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда өткөн Нооруз майрамына катышты. Анда мамлекет башчы көргөзмөгө коюлган жергиликтүү кол өнөрчүлөргө таандык килемди сатып алды. Бул туурасында президенттик администрация тарабынан белгилүү болду.
Нооруз майрамында уюштурулган оюн-зоок, көргөзмөлөргө катышкан президент "Кыргыз күрөш" улуттук күрөшү боюнча финалдык беттешке күбө болуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды.
Андан соң кол өнөрчүлөр аллеясы жана Баткен килемдери менен таанышты. Садыр Жапаров килемдердин бирин сатып алды. Уздардын айтымында, ал 100 жылдай мурда жасалган.
Ошондой эле президентке Кыргызстандын белгилүү жана көрүнүктүү инсандарынын портреттери түшүрүлгөн аллея көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров ата-бабалардын салтын улап, өткөн түнү сүмөлөк бышырылган бир тонналык казанды ачты.