Кытайда Boeing учагы кулаган токойдо ири өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытай бийлиги кырсык болгон жерге куткаруучуларды жөнөттү.
Эскерте кетсек, учак China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык. Алдын ала маалыматтар боюнча, учакта 133 адам болгон. Азырынча жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.