Эл аралык уюм Украинадагы жаңжалда 902 жаран набыт болгонун маалымдады

Орусиянын Украинадагы аскердик операциясы башталгандан бери 902 адам каза болуп, 1459у жаракат алды. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон 902 адамдын ичинен - 179у эркек, 134ү аял, 11 кыз жана 25 эркек бала, ошондой эле жынысы азырынча белгисиз 39 бала жана 514 чоң киши бар. Ал эми 1459 адам жарадар болгон. Алардын арасында - 156 эркек, 117 аял, 22 кыз жана 16 эркек бала, ошондой эле жынысы азырынча белгисиз 60 бала жана 1088 чоң киши бар.
Украин бийлиги көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарынын аймактарында 195 адам өлүп, 561и жарадар болгон. Өзүн-өзү жарыялаган республикалар көзөмөлдөгөн аймакта 53 адам каза болуп, 183ү жарадар болгон. Украинанын башка аймактарында (Киевде, Черкассы, Чернигов, Харьков, Херсон, Николаев, Одесса, Сумы шаарларында, Запорожье, Днепропетров жана Житомир облустарында) 654 адам каза болуп, 715и жарадар болгон.
Уюмдун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгы каза болгондордун саны мындан да алда канча көп болушу мүмкүн экени, согуш болуп жаткан аймактардан маалымат абдан кечигүү менен келерин белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан