Бүгүн, 21-март күнү Бишкек шаарындагы “Ынтымак-2” сейил багында Нооруз майрамына карата иш-чара өтүп жатат.
Иш-чарада алгач Октябрь районунун акими Азамат Дороев куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кечени ачып берди. Андан соң ырчылар ырларын тартуулашты.
Мындан тышкары аталган сейил бакта Нооруз майрамына карата көргөзмөлөр уюштурулду.