Футбол легендасы Дэвид Бекхэм Инстаграмдагы баракчасын украиналык дарыгерге берди. Бул тууралуу спортчу өзү 20-мартта жарыялады.
71 миллиондон ашуун катталуучусу бар Дэвид Бекхэмдин баракчасынан украиналык балдар дарыгери Ирина Кондратова өзү жетектеген Харьковдогу ооруканадан сүрөт жана видеолорду футболчунун баракчасындагы тарыхча бөлүмүнө жарыялай баштады.
Муну менен катар Бекхэм Фейсбуктагы баракчасын да украиналык дарыгерлер пайдаланышса болорун айткан.
47 жаштагы Дэвид Бекхэм мурда Англиянын улуттук курамында жана "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид" сыяктуу дүйнөдөгү эң ири футболдук клубдарда ойногон.
Оюн талаасынан сырткары да келишимдүү келбети менен көптөгөн бренддердин жүзү болуп, футбол тарыхындагы эң таанымал оюнчулардын бири катары белгилүү.