Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы Ынтымак-2 сейил багында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Алгач иш-чарада Октябрь районунун акими Азамат Дороев куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кечени ачып берди.
Андан соң Замир Арыкбаев, Динара Акулова, Каныкей Раймалиева, Алтынай Нарбаева, Жанетта Бобкова жана башка ырчылар ырларын тартуулашты.
Иш-чарадан элдин ырдап, бийлеп, шаңдуу отургандарын көрүүгө болот.