Жалал-Абад шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Көк-Арт дарыясында 10-коргоочу тосмонун 20 метрин суу каптап, Жалал-Абад шаарындагы турак үйлөргө жана мекемелерге коркунуч жаралган. Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарына 18-март күнү өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Учурда ал жерде тынбай жумуш алып барылып, ӨКМнын кызматкерлери суунун нугун бөгөөчү таштарды алып келип, жээк бекемделүүдө.
Ал жерде 20га чукул атайын техника иштеп жатат.