Украинанын Жогорку Радасынын жарандык жана маалымат саясаты комитети Володимир Зеленськийге орусиялык бир катар маданият өкүлдөрүн Украинанын Эл артисти наамынан ажыратуу тууралуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттарында жазылат.
Анда Николай Басков, Филипп Киркоров, Игорь Крутой, Ани Лорак жана башка бир катар орусиялык артисттерди наамынан ажыратуу керектиги жазылган. Буга алардын Орусиянын согуштук аракеттерин актоосу себеп болгону айтылат маалыматта.