
АКШнын эки штатында торнадо бороону болуп, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бороон АКШнын Техас жана Оклахома штаттарына катталган. Анын кесепетинен көптөгөн үйлөр электр жарыгысыз калып, мектептер, үйлөр жана баш калкалоочу жай зыянга учураган. Ошондой эле 4кө жакын адам олуттуу эмес жаракат алышкан.