Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларынан улам Орусия 78 учагынан айрылды

Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга киргизген санкциялардын натыйжасында Орусия 78 учагынан айрылды. Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министрлигинин башчысы Виталий Савельев маалымат жыйында билдирген.

Министрдин айтымында, Орусиянын башка өлкөлөрдөгү 78 учагы санкциядан улам камакка алынган.

Өткөн аптада Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги (EASA) орус авиакомпанияларынын сертификаттарын убактылуу токтоткон. Тизмеге "Аэрофлот", "S7", "Волга-Днепр", "Урал авиалиниялары" жана башкалар кирет.

Эске салсак, АКШ, Франция, Норвегия, Австрия, Дания, Ирландия жана башка өлкөлөр орус учактары үчүн асманын жапкан. Буга жооп катары Орусия 27 мамлекет үчүн аба мейкиндигин жапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан