Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз бала каза болгону кабарланды

Украинада 20 жаштагы кыргыз улутундагы Орусиянын жараны каза болгону кабарланды. Бул тууралуу "Азаттык" маркумдун тааныштарына таянып жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, 17-мартта социалдык тармактарга Украинадагы аскердик кагылышта кыргыз каза болду деген билдирүү жарыяланган.

"Жигит 22-февралда туугандарына телефон чалган. 8-март күнү маркумдун апасына уулунун каза болгондугу тууралуу кабарланган. Айрым маалыматтарга караганда, сөөк Канттагы орус авиабазасына жеткирилмек болгон. Азырынча маркум 20 жашта болгону гана белгилүү. Ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында туулуп-өскөн. Ал ата-энеси менен Орусиянын жарандыгын алышкан", - деп айтылган андагы маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги учурда жогорудагы маалымат такталып жаткандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан