Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоевдин жакындарына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги көңүл айтты. Билдирүү элчиликтин расмий сайтына жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, Украинадагы атайын операция учурунда каза болгон орус аскери Эгемберди Дорбоев Кыргыз өлкөсүндө туулуп өскөн. Ал Орусия жараны болгон, келишим менен орус аскерлеринин катарында кызмат өтөп жүргөн.
“Элчилик маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп жазылган билдирүүдө.