"6 миллиард долларды көзөмөлдөчү". Ооганстандын мурдагы каржы министри АКШда такси айдап калды

Талибдер өлкөнү басып алганга аз калганда АКШга качып кеткен Ооганстандын мурдагы каржы министри Халид Пайенда Вашингтон шаарында такси кызматын аркалап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы Ооганстанды басып алганга чейин 40 жаштагы Халид Пайенда АКШ Ооганстанга берген 6 миллиард долларлык бюджетти көзөмөлдөчү. Эми ал аялын жана төрт баласын багуу үчүн Вашингтондо такси кызматын аркалап жатат.

Мурдагы жогорку даражалуу аткаминер акыркы маегинде Кабулдан Вашингтонго көчүп кетүү ал үчүн абдан оор болгонун моюнуна алган.

Кабулду "Талибан" кыймылы басып алганга бир жума калганда Пайенда каржы министри кызматынан кеткен. Өлкөнүн президенти Ашраф Гани менен мамилесинин начарлашынан улам ал камакка отуруп калуудан коркуп, АКШдагы үй-бүлөсүнө качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан