Ноокат районундагы бала бакчада "коопсуз бала бакча" аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 23-мартта Ош облусунун Ноокат районунда "Тимурлан-Алым" бала бакчасында "коопсуз бала бакча" аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бала бакчанын жетекчиси Айчүрөк Исмаилова буга чейин өздөрүнүн программалары менен дагы коопсуздук боюнча иш-чаралар өткөрүлүп келгенин айтты.

"Бүгүн ЮНИСЕФ тарабынан "коопсуз бала бакча" аттуу иш-чара өткөрүлдү. ЮНИСЕФтин ыктыярчылары келип балдарга коопсуздукту алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Буга чейин өзүбүздүн программа аркылуу дагы ушундай иш-чараларды өткөрүп жүргөнбүз. Учурда бала бакчада 110 бала бар", - дейт ал.

Ыктыярчы Айзада Чондуева балдарды кырсыктардан сактануу боюнча көнүгүүлөрдү үйрөтүү ыкмасы кандай экенин айтып берди. "Мен 2019-жылдан бери ыктыярчы болуп келем. Биз кырсыктан сактануу боюнча көнүгүүлөрдү балдар бакчага жана мектептерге өзүнчө өтөбүз. Балдар бакчасындагы балдар суроо берип кайра жооп алганы аракет кылабыз. Алар менен менен чогуу ойноп үйрөтөбүз", - дейт Чондуева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан