Башкы прокуратура жер тилкелерин менчиктештирип алды делинген Баткен облусунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы боюнча текшерүү иштерин баштады. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
"Журналист Ыдырыс Исаковдун материалында айтылган бардык фактылар боюнча текшерүү башталды. Мурдагы айыл өкмөт башчынын жерлерди менчиктештирип алганы, Баткен облусунун прокурору боюнча да текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Текшерүү аяктагандан кийин кошумча маалымат берилет", - дешти прокуратурадан.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Баткенде "олигарх" пайда болгонун, ал киши жер тилкелерин менчиктештирип алганын айтып, президент менен башкы прокурорго кайрылган.