Украина Орусиянын дагы бир полковниги жок кылынгандыгын жарыялады

Мариуполь шаарына жакын жерде украиналык аскерлер орусиялык полковник Алексей Шаровду жок кылышты. Бул тууралуу украиналык офицер Анатолий Стефановго таянуу менен Украинанын жергиликтүү басылмалары жазды.

"Мариуполдун жанында украин аскерлери орус армиясынын Жуков атындагы 810-гвардиялык өзүнчө ордендүү деңиз аскерлер бригадасынын командири, полковник Шаровду жок кылышты", - деген Стефанов.

810-гвардиялык өзүнчө ордендүү деңиз аскерлер бригадасы Крымда, Севастополдо туруктуу жайгаштырылган. 2015-жылдын күз айынан бери 810-гвардиялык бригаданын бөлүктөрү Орусиянын Сириядагы аскерий операциясына катышып келет.

Буга чейин Украинадагы салгылашуу учурунда Орусиянын кургактагы күчтөрүнүн 41-бириккен армиясынын командиринин орун басары, генерал-майор Андрей Суховецкий каза болгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан