Поэтерапия: "Менин апам бийлеп Тикток тартчу эмес. Интернет деп смартфон чукуп жатчу эмес"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Бурулсун Айдарбек кызы.

Бурулсун Айдарбек кызы 1992-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылында туулган. 2012-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин салык жана салык салуу колледжин, андан соң физика жана математика институтун аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде математика мугалими болуу менен баштаган. Бир жыл мугалимдик кесипти аркалап, андан соң АКИпресс агенттигинин Turmush.kg басылмасынын аймактык кабарчысы, "Кайрымдуу бол" коомдук кайрымдуулук фондунда журналист болуп эмгектенген. Учурда 7-каналда, Topsport.kg сайтында СММ-журналист болуп эмгектенет. Каарманыбыз 4-классынан тарта ыр жазып баштаган. Алгачкы ырлары 2012-жылы "Агым" жана "Жаңы Мезгил" гезиттерине жарыяланган.

Бул ырды 2017-жылы жазгам. Ошол жыл мен үчүн эң оор, эң аянычтуу жылдардан болду. Себеби, жолдошум экөөбүз түшүнбөстүктөн улам эки ажырым жолго түштүк. Ал үчүн кандай болду билбейм, бирок мен үчүн өтө оор болду. Стресс, депрессияга түштүм. Ошондо гана мен бир туугандарыма, апама гана керек экенимди түшүндүм. Эч кимге ажырашууну каалабайт элем.

Сага катын, мага күйөө табылат...

Сүйөмүн деп ак сүйүүңдү билгизип,
Баш кошолу деген сунуш киргизип.
Бактылуу жар кыламын деп өзүңө,
Алып кеттиң аппак көйнөк кийгизип.

Ак сүйүүгө бере албай туруштук,
А бирок биз келише албай уруштук.
Түшүнө албай бирибизди-бирибиз,
Акыры биз ажырашып тыныштык.

Канжар уруп жүрөгүбүз кайгырып,
Калдык неге бирибизден айрылып.
Күтпөйм бирок эстебейм да ойлобойм,
Кайра келбе экинчи ирет кайрылып.

Өтүп кетет учкан куштай бул убак,
Сага катын, мага күйөө табылат.
А ортодо ал мончоктой кызыбыз,
Өз атасын, өз энесин сагынат.

Жарашууга бар эле себеп деле,
Же кызыңа башка ата керек беле.
Же болбосо жээрип өтүп үй-бүлөңдү,
Ачуу турмуш таттуусун жеңет беле.

Өз энедей болобу бөлөк неме,
Өз энедей мээримин төгөт беле.
Же болбосо тагдырдын жазмышына,
Бала неме айласыз көнөт беле.

Чалдыксам да турмуштун тумоосуна,
Чарчасамда чөкпөймүн сыноосуна.
Эртең кантип жооп берем мен кызыңа?
Атам кайда кетти деген суроосуна.
Айтчы кантип кызыңа жооп бересиң?
Апам кайда менин деген суроосуна.

Бул ырды быйыл 6-мартта жазгам. Ага чейин эле Аалы Туткучев агайыбыздын "Менин атам сеникинен жакшы эле" деген ырын окуп, менин да оюма "Менин апам сеникинен жакшы эне, айран, кымыз, каймак менен бакчу эле" деген ыр саптары келди. Эргүү келип жазып, дароо акын Аалы Туткучев жана Баян Акматов агайыма жөнөттүм, жактырышты. Чындыгында мурун апаларыбыз азыркыга салыштырмалуу бир топ эле бизди таптап багыптыр. Мен азыр кызыма апамдай көңүл бөлө албайм.

Менин апам бийлеп Тикток тартчу эмес

Менин апам сеникинен жакшы эле,
Таңда туруп тандырга нан жапчу эле.
Акыл айтып, берип дайым кеңешин,
Айран, кымыз, каймак менен бакчу эле.

Билсең кызым канча аракет кылсам да,
Боло албадым таенеңдей жакшы эне.
Менин апам сеникинен мыкты эле,
Ийик ийрип, койдун жүнүн тытчу эле.

Оймо оюп, жасап төшөк шырдагын,
Алтын апам баардыгына шыктуу эле.
Түшүн кызым... Кечир жаман апаңды,
Боло албаган таенеңдей мыкты эне.

Менин апам сеникинен жакшы эне,
Чөбөгөсү, ысык наны жакчу эле.
Чачым өрүп, таптап берип тамагым,
Эрте туруп, элден эң кеч жатчу эле.

Менин апам йогурт менен бакчу эмес,
Интернет деп смартфон чукуп жатчу эмес.
Инстаграмдан, Фейсбуктан пост жазып,
Менин апам бийлеп Тикток тартчу эмес.

"Билсин бийлик" ыры 2010-жылы жазылган. Ал убакта мен 11-класс болчумун. Ошол жылдагы 7-апрель окуясына абдан кейидим. Биздин Ата-Журт кандай ооруп жатканын сездим. Канча адамдар окко учканын угуп, көрүп жаттым. Ал убакта саясат эмне экенин жакшы деле түшүнгөн жокмун. Түндө ойлуу жатып эле дал ушул саптар ойго келди.

Билсин бийлик

Кулак төшө кеп айтам, уккун бийлик!
Жеп-ичкенге неге мынча суксуң бийлик?
Миңдеген адамдарды майып кылып,
Жүздөгөн адам башын жуттуң бийлик.
Ойлонбой ата-баба жерин сатып,
Байлыкты мынча ыйык туттуң бийлик,
Кыргыздын кыйла көлүн, жерин саттың бийлик.
Сатпа деп айткандарды аттың бийлик.
Кырчындай жигиттердин башын жутуп,
Кыйналбай кайсыл жакка качтың бийлик.
Көл кылып көз жаштарын энелердин,
Жашынып кайсы уюлга жаттың бийлик.
Башыңа эл ыргыткан каргыш тийсин,
Кан ичкен сен анткени кара жинсиң.
Ок атып, өз элиңди кырып жойгон,
Деги айтчы, бул дүйнөдө деги кимсиң?
Калдайган калың кыргыз элиң барда,
Көздү ачып, иштегенди бийлик билсин!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан