Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 13 күндөн бери эл алдына чыга элек

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 11-марттан тарта коомчулукка жана маалымат каражаттарына чыга элек. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, адатта Шойгу маалымат каражаттарында абдан активдүү. Анын Коргоо министрлигине келиши менен басма сөз кызматынын штаты кескин көбөйүп, мекеме анын эл алдындагы аброюна чоң көңүл бура баштады. 11-мартка чейин Шойгу дээрлик күн сайын жаңылыктарга чыгып турган.

Айрым орус басылмалары Шойгунун жакындарына таянуу менен анын жүрөгү ооруп жатканын жазып чыгышты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы акыркы жолу 11-мартта эл алдына чыккан. Анда ал атайын аскердик операцияга катышкан аскерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан