Бүгүн, 24-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 900 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"24-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 900 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 249 метр куб, агып чыгышы 360 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.