Башкы прокурор Курманкул Зулушев ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин отурумуна орун басарларын жиберген жетекчи, төрагаларга чара көрүлөрүн айтты.
Ал кандай чара көрүлөрүн так айткан жок, бирок бир канча күн мурда даярдык көрүлгөн иш-чарага пассивдүүлүк көрсөткөн жетекчилерге нааразы болду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 24-мартта Башкы прокуратуранын алдындагы ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин отуруму болду.
Жыйынга башкы прокурор, Экономика министрлигинен, салык кызматынан, бажы кызматынан өкүлдөр, бизнес акыйкатчы, ишкерлер чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.