Ат-Башыда өрмөк согуп, бренд жасоого жетишкен уздар: "Дүкөн ачууну ойлоп жатабыз" (фото)

Бүгүн, 24-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы өрмөк согуу иштери менен алек болгон уздардын иштери менен тааныштык.

Балалык күндөн бери кол өнөрчүлүк менен алектенип жүргөн уз Сабира Искендерова өрнөк согуу иштерин жаш муундарга үйрөтүп жатканын айтып өттү.

"Балалык күндөн бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келем. Бул өнөрдү "эне мектебинен" үйрөнгөм. Жүндү ийрип, даярдап алып өрмөк өрүп баштайбыз. Эч кандай боёк, химиялык кошулмалар кошулбайт. Жасаган буюмдарыбыз экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу. Өлкөдө кол өнөрчүлүк боюнча ар түрдүү иш-чараларга катышып турабыз. Айылда өрмөктү үйрөнүүнү каалаган кыз-келиндерге үйрөтүп келебиз. Буюртмалар көп түшкөн учурда кыз-келиндерди жардамдашууга чакырабыз", - деди Искендерова.

Сабира Искендерова менен бирге ишкерлик кылган Турдубүбү Жекшенова өрмөктөн башка кийизден шырдак жасаарын билдирди.

"Кол өнөрчүлүк менен балалык күндөн бери алектенип келем. Бул өнөрдү энемден үйрөнгөм. Өрнөк согуудан башка шырдак жасайм. Жаштарга айтар элем эзелтен келе жаткан өнөрдү жаштар үйрөнүп, улантып кетсе... Эжем экөөбүз (ред.: чогуу иштеген Сабира Искендерова) ишкерлигибизди кеңейтип дүкөн ачалы дегенбиз.

Туристтер көп келет, жол жээгинде өз колубуз менен жасаган буюмдарды дүкөнгө коюп сатсак деген максатыбыз бар. Аны ишке ашыруу үчүн имарат маселеси тоскоолдук кылууда. Өрмөктүн түрүн жасайбыз. "Бир айыл - бир продукт" программасынын алкагында биз жасаган өрмөктөрдү 2020-жылы Японияга экспорт кылдык. Учурда буюмдарыбыз Бишкекте сатылууда", - деп билдирди Жекшенова.

Уздардын өрмөк жасоого ылайыкташкан имараты жок. Алар өз үйлөрүндө кол өнөрчүлүк менен алектенип, чакан ишкерлик жүргүзүп келишет. Кыргыз өлкөсүндө Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" программасын JICA уюму ишке ашырып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан