Ноокаттагы жалпы медициналык борборуна 3 миллион сомдон ашык каражатка медициналык жабдуу берилди. Бул тууралуу журналисттерге ЮНИСЕФтин саламаттыкты сактоо программасынын координатору Айнура Текенова билдирди.
"Биз бүгүнкү иш-чаранын алкагында, Ноокаттагы жалпы медициналык борборуна планшеттерди, диагностикалык жабдуу, телевизор алып келдик. Жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашык болду. Бул жабдыктардын бардыгы медициналык кызматкерлердин энелерге жана балдарга жардам берүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү үчүн берилди. Мисалы ошол планшеттерди биз үч жылдан жалпы дарыгерлер борбору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна телемедицина ыкмасын киргизүү үчүн берип келебиз. Бул ыкма үй-бүлөлөрдүн шартына карабай медициналык кызматты көрсөтүү максатында уюштурулуп жатат. ЮНИСЕФтин өзүнүн миссиясы балдардын ден соолугуна кам көрүү жана көп жардам берүү болуп эсептелет", - дейт ал.
ЮНИСЕФ 23-24-мартта Ош шаарына жана Ноокат районуна пресс-тур уюштурду. Анда Ноокат жана Оштун оңдолгон төрөт үйлөрүн, ымыркайлардын өмүрүн сактап калчу жабдууларды көрсөтүлдү.