Украинадагы кырдаал: Атайын аскердик операция башталганына бүгүн туура бир ай болду

Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка бир ай болду. 24-февраль күнү таңга маал Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага аскердик операциясын жарыялаган. Максаты - карапайым калктын коопсуздугу деп белгиледи.

Көп өтпөй Украинанын бир нече шаарында жардыруулар башталып, жергиликтүү тургундар өз үйүн таштап чыгып кетип башташкан. БУУнун маалыматы боюнча, аскердик операция башталгандан бери 3 миллион 300 миңден ашуун качкын өлкөдөн чыгып, дагы 6 жарым миллиону өлкөнүн башка аймактарына көчүрүлгөн. Качкындардын 90 пайызга жакынын балдар жана аялдар түзөт.

Жардыруудан, аткылоодон улам аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө.
“1300дөй аскер кызматкери каза болду, ал эми Орусиянын 12 миңден ашуун аскери көз жумду”, - деди Володимир Зеленський журналисттерге маалымат берип жатып.

Бир катар өлкөлөр Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизди. Азыркы учурда абал курч боюнча калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан