Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон кыргыз жигитинин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакыны билдирди.
"Бүгүн, 24-мартта иним Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга келди. Сөөк Канттагы авиабазадан кечки саат 21:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы үйүнө алып келинди. Аны Орусиянын аскер кызматкерлери коштоп келишти. Эртең, 25-мартта саат 10:00дө сөөгүн жерге беребиз", - деди жакыны.
Эскерте кетсек, Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгону кабарланган.