"Шантаж кыла албайт". Газды рубль менен соодалашарын айткан Путиндин билдирүүсүнө Европа өлкөлөрүнүн реакциясы

Буга чейин Владимир Путин мындан ары Европага газ жеткирүү рубль менен жүргүзүлөрүн айткан. Орус лидеринин бул билдирүүсүнө Европа өлкөлөрү реакция кылышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусия Европаны энергетикалык ресурстары менен шантаж кыла албасын жана мунай менен газ үчүн рубль менен төлөөнү талап кылуу менен санкцияларды айланып өтүүгө жол берилбей турганын, анткени бул санкциялык режимди виртуалдык түрдө бузууга барабар экенин белгиледи.

"Бул бир тараптуу чечим жана келишимди ачык бузуу, санкцияларды айланып өтүү аракети болмок. Биз санкцияларыбызды айланып өтүүгө жол бербейбиз. Энергияны шантажга жумшай турган заман бүттү", - деген ал.

Ал арада Литванын мамлекеттик газ компаниясы "Ignitis" "Газпромдон" газ сатып алууну токтоторун жана орус концертине эч кандай төлөмдөрдү төлөбөй турганын билдирди. Компаниянын өкүлдөрү Орусиядан газды рублга сатып албай тургандыктарын, анткени келишимде "евродон башка валютада төлөө мүмкүнчүлүгү каралбаган" деп түшүндүрүштү.

Мындай чечим Словениянын премьер-министри Янез Янша тарабынан да колдоо тапты. Ал Владимир Путин талап кылгандай Европа орус газы үчүн рубль менен төлөбөй турганын айтты.

"Менимче, Европада эч ким рублдун кандай экенин билбейт, эч ким рубль менен төлөбөйт", - деген Янез Янша.

Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Марио Драги да Орусиянын газ үчүн төлөмдөрдү рублга которуу демилгесине комментарий берген. Анын айтымында, жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдү рубль менен которуу "келишимдерди бузуу" деп эсептелет. Германиянын канцлери Олаф Шольц да рубль менен төлөөдөн баш тартып, төлөмдөрдүн валютасы келишимдерде мурунтан эле көрсөтүлгөнүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан