Кечээ, 24-март күнү кечинде Бельгиянын борбору Брюссель шаарында НАТОнун Украинадагы кырдаалга арналган саммити өттү.
Саммитте тартылган кадрлар көпчүлүккө кызыктай көрүндү. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жөнөкөй дипломатиялык жылмаюуларга окшобогон тамашаны көрсөтүшкөндөй элес калтырышты. Анда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон бири-бирине тамаша айтып жаткандай элес калтырышты.
Украинанын президенти Володимир Зеленський саммиттин катышуучулары менен видеобайланыш аркылуу байланышты. Анда Зеленський Украинанын азыр НАТОго жолу жок экенин дагы бир жолу моюнга алууга аргасыз болду. Ал жок дегенде, НАТОну Украинага жаңы куралдарды жөнөтүүгө чакырды, бирок анысына дагы так жооп ала алган жок.
Мисалы, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Улуу Британия бул маселени карашы мүмкүн экенин айтты. Ошол эле учурда маселе чечилсе куралдарды Украинага жеткирүү кыйынчылыктары бар.