Балбак Түлөбаев Алмазбек Атамбаевдин кыйноого кабылышы тууралуу: "Жаманбы, жакшыбы өлкөнү башкарган"

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө ал Алмазбек Атамбаевге карата жасалган мамиле адамкерчиликке жатпай тургандыгын белгиледи.
Урматтуу калайык! Мен түшүнбөй калдым. Президентибиз Садыр Жапаров мен бардыгын кечирдим деген. Ага бирөөлөр бут тосуп, жаманатты кылып жатат.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жасалган мамиле бул адамкерчиликке жатпайт. Жаманбы, жакшыбы өлкөнү башкарган. Биринчи орунда кыргыз, ал адам. Уят. Мыйзамсыздык. Ким күнөөлү болсо жооп берсин мыйзам алдында. Бийликти, президентибизди жаман көргөзүп бүттүңөр. Ким кылса жооп берсин", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Түлөбаев.
23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок бүгүн, 25-мартта Кыйноолорду алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан